Айзада Канатбекованын таежеси: “Айзада Кореяга барып иштеп келем, апама үй алып берем дечү”

Мындан бир топ күн мурда коомчулукту дүрбөлөңгө салган окуя болуп, анда 26 жаштагы Айзада Канатбекова алгач уурдалып, кийин мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү баарыбызга маалым. Биз дал ошол ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы баккан таежеси Бактыгүл Шакенова менен маектештик. Оор жоготуудан улам мүңкүрөп турган каарманыбыз “Айзаданы 3 жашынан баккам. Ушундан улам мени “мама” деп чоңойгон.  Ал мектепте, университетте жакшы окуду. Жогорку окуу жайга өзүнүн күчү менен өтүп, өз күчү менен бүттү. Корей, түрк тилдерин билчү. Кореяга кетем, ал жактан жакшы акча тапса болот экен деп калчу. Бутка турсам апама батир алып берем, таенем экөөсүн Дубайга алып барып эс алдырып келем дечү. Ушундай жакшы кыял, тилектери бар болчу. Орундалбай калды” дейт.

Ошондой эле Бактыгүл айым Айзаданын апасынын учурдагы абалы тууралуу буларга токтолду: “Instagram, YouTube’га Айзаданын жансыз денесинин сүрөттөрү чыгып кетпедиби. Ошол үрөй учурган сүрөттөрдү Назгүл (ред. Айзада Канатбекованын апасы) менен апам (ред. Айзада Канатбекованын таенеси) көрүп алып, жүрөк оорусу кармап, жаман акыбалга туш келишти. Учурда тамчылатма дары алып, жакшы болуп бара жатышат. Назгүл башында нес абалда болуп, кызынын каза болгонун толук түшүнбөй жаткан. Эми түшүндү”.