Айзаданын апасы: «Ала качкан киши кызымды аңдып жүрчү экен. Апаңды өлтүрүп кетем деп да коркутуптур»

Киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова кызын ала качкан күнү эле түшкө маал Бишкектин Биринчи май райондук милициясына арыз жазганын, милиция убагында иш алып барбай койгонун журналисттерге айтты.

«Айзада саат алтылардан өтүп калганда сиңдиме телефон чалып, «Бактыгүл эже, мен келе жатам, тиги бала менен сүйлөштүм. Ош тарапка кетип бара жатканбыз, бирок кайра бурулуп Кара-Балта жакка жетип калдык. Бишкекке бет алдык, азыр барам» дептир. Тиги бала менен сүйлөштүр десе, ал сыртка чыгып кетти деп койду. Бирок бушайман болуп, кыйкырып сүйлөгөн экен. Ошол бойдон байланыш үзүлүп кетиптир», — деди апасы.

Шакенованын айтымында, кызы ал адам менен интернет аркылуу таанышкан, бирок кыз-жигиттик мамилеси болгон эмес.

«Ал бала колун сураганын, бирок кызым жок деп койгонун билем. Ал кишини жакындан тааныбасам, мага кереги жок деп айткан. Мага мунусун билдирген эмес, бирок акыркы айларда артынан аңдып, меники болбосоң апаңды бычак менен саям деп айтканын курбуларына айтыптыр. Негизи өзү окуусун жакшы бүтүп, түз жүргөн кыз болчу. Бир нече чет тилди билчү, жакында Түркияга барып иштеп келейин деп камынып жаткан», — деди апасы.

Мындан тышкары апасы кызды уурдаган жарандын Айзада улам номерин алмаштырса, аны таап ала турганын айтты.

«Сен жалгызсың. Сенин апаң да жалгыз. Апаң экөөңдүн колуңан эмне келет?!» деп айтыптыр. Анан экөөбүз сүйлөшүп отурсак айтып калды «Мама, тиги бала оорукчан экен. «Бир күнү бир нерсе кылып кетем. Сен эмне кыла аласың?» деди. Анын мээси ордунда эмес деп айткан», — деди ал.