Айзаданын уурдалышы. Апасы президент Садыр Жапаровго кайрылды

Уурдалган жана өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова бул иш боюнча соттун создугуп жаткандыгына байланыштуу президент Садыр Жапаровго, УКМКнын жетекчилигине кайрылды. Ал мындай кайрылуусун алып баруучу Назира Айтбековага берген маегинде жарыялады.

«Биринчи Май райондук сотунда эки айда бир гана сот отуруму өттү. Мен Садыр Жапаровго кайрылгым келди. Ал бул ишти көзөмөлгө алганын айтты. Берген сөзүнө турса жакшы болмок. Кызымды ала качкан бешөө мыйзам алдында жооп берсин. Бул башкаларга сабак болот», — деди Шакенова.

Эске салсак, Айзада Канатбекованы 5-апрелде уурдап кетишкен. Окуя болгондогу видео соцтармактарга тараган. Эки күндөн кийин, уурдаган жарандын жана Айзаданын жансыз денеси унаадан табылган. Кийинчерээк, Айзаданы өлтүрүү боюнча кылмыш иши жабылганын айтылган. Буга өлтүргөн жарандын кошо каза болгондугу себеп болгон. Ал эми адам уурдоого шектелген 5 жарандын иши сотко өткөн. Бүгүн дал ошол беш шектүүгө карата соттук отурум болмок.