Айдар Акаевдин жүрөк оорудан улам каза болгонун жактоочу билдирди

Айдар Акаев жүрөк оорудан улам каза болгон. Анын алкоголдук ичимдиктерге жана баңги затка ууланып каза болгону тууралуу тарап жаткан маалыматтар калп. Бул тууралуу Акаевдердин үй-бүлөсүнүн адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, расмий экспертизанын жыйынтыгына ылайык, өлүмүнүн себеби жүрөк оорусу болгон.
Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев ушул жылдын февраль айында 43 жашында каза болгон. Сөөгү Москва шаарындагы Троекуров көрүстөнүндө жерге берилген.