Ажылардын алгачкы тобу Бишкектен Медина шаарына учуп кетти

Бүгүн, 12-июнь күнү «Манас» аэропортунда болочок ажылардын алгачкы тобу ажылык сапар үчүн аттанып кетти. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.

Ажылык-2023 ибадаттык сапарынын алкагында 10 рейс аткарылса, анын 7 рейси Ош аэропортунан жүзөгө ашырылат. Башкача айтканда, 2 миңдей ажы Бишкек шаарынан учса, калганы Ош шаарынан аттанат.

Бүгүн, 12-июнда башталган авиасапарлар 21-июнь күнү Ош эропортунда жыйынтыкталат. Быйылкы жылы кыргызстандык ажыларды Jazeera авиакомпаниясы тейлөөдө.

Сауд Арабия 2023-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6110 квота бөлгөн. Быйылкы ажылыктын наркы 3900 долларды түзгөн.