Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-августта Бишкек шаарынын мэриясынын электробустарды жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөө борборунун ачылышына катышты.
Ал шаар тургундарына кайрылды. «Ошону менен бирге, шаар тургуну болобу же шаарга келген мейманбы, айтор, урматтуу жүргүнчүлөр, сиздер дагы коомдук транспорттун айдоочуларынын таң аткандан түн киргенге чейинки тынымсыз эмгегин баалашыңыздар керек. Ажылдап көрүнгөн жерден “токтот эле, токтот” деп кыйкыра бербеңиздер. Бир гана аялдамадан токтой турганын эсиңизден чыгарбаңыздар. Мурдагы маршруттук таксилердин заманын унуткула. Ал заман өттү, кетти, болду эми, келбейт кайра», — деди ал.