Ажылык сапары башталды: 1998 кыргызстандык зыяратчы Меккеге жетти

Быйылкы ажылык сапары башталып, Сауд Араб падышалыгына келген кыргызстандык зыяратчылардын саны 1998ге жетти. Алардын алгачкы тобун Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабынын өкүлдөрү тосуп алып, жатаканаларга жайгаштыруу иштери ийгиликтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.
Зыяратчылар Медина жана Бишкек-Жидда багыттары боюнча келишип, учурда жатаканаларда жайгашууда. Ал эми жатаканалардан Харам мечитине чейин атайын ажылар үчүн каттаган автобустар ишке киргизилди.