Ажылыкка сапар алган зыяратчылардын алгачкы тобу Ош аэропортунан аттанды

Бүгүн, 31-май күнү Кыргызстандан ажылык сапарга аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу Ош эл аралык аэропортунан жөнөп кетишти. Бул тууралуу Ош мэриясынан маалымдашты.
Болочок ажыларды ыйык сапарга узатууга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБ кызматкерлери, Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради, Ош шаарынын казысы Мирланбек Токтомушев башында турган дин ишмерлери катышты. Ажыларды узатууда катышуучулар ак жол каалап, сөз сүйлөштү. Ошондой эле, САПтын Кыргызстандагы элчиси зыяратчылардын ажылыгын кабыл болуусун тиледи.