Ак Үйдүн сыртындагы тосмо алына баштады

Бүгүн, 6-ноябрда Ак Үйдүн сыртындагы тосмо алына баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымат таратты. Белгилүү болгондой, тосмону «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери бузуп алууда.

5-6-октябрда болгон окуялардан кийин коомчулук Ак Үйдүн тосмосун алуу сунушун айтып чыгышкан. Ошондой эле социалдык тармакта аталган имараттын тосмолору жок мурда тартылган сүрөт тарап, көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган.