Ак Үйдүн темир тору толугу менен качан алынып бүтөт?

Ак Үйдү кийинки аптада темир торсуз көрүп калууга болот. Бүгүн узундугу 1,5 чакырымдай болгон тосмо “Тазалыктын” 30дай кызматкери менен алына баштады. Бир гана 7-апрель окуясында каза болгондордун аты-жөнү жазылган бөлүгү алынбай ордунда калат.

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин айтымында, Ак Үйдүн имаратынын жанына чейин шаардыктар жана коноктордун сейилдөөсүнө уруксат берилет. Парламент жана президенттин аппаратынын имараты мамлекеттин өзгөчө коргоого алынган объектиси болуп саналат.