Ак Үйдүн тосмосу алынат

Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы Талант Мамытов Ак Үйдү курчаган тосмону алууга убада берди. “Биз элге жакын болушубуз керек. Ал тосмо бизди коргогон жок. Канчалык корунган сайын калкта нааразычылык ошончо көп болот” деди Мамытов. Айтымында, бул демилгени президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да колдойт.

2012-жылы 3-октябрда Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов баштаган митингчилер Ак Үйдүн тосмосунан ашып өткөн. Кийин бул эки депутатка кошулуп Садыр Жапаров бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн соттолушкан.