Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын корук аймагын бошотуу иштери жүрүүдө. Бузуу иштеринин алкагында бир катар жогорку кызмат орундарында иштеп жүргөн адамдарга тиешелүү болгон курулуштар алынып жатат.
Алар:
Эрдент тиш дарылоо клиникасы – Ош шаардык жана Жалал-Абад шаардык салык кызматынын мурдагы жетекчиси, өмүр бою салык кызматында иштеген Эрмек Чоюновго таандык.
Байсан рестораны – Жогорку Кеңештин экс-төрагасы жана депутаты, учурунда Социалдык фонддун тѳрагасы, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, Финансы министринин орун басары болуп турган Ахматбек Келдибековго караштуу.
Автомектептин имараты – Жогорку Кеңештин буга чейинки бир нече чакырылышынын депутаты, ЖКнын экс-төрагасы Асылбек Жээнбековго тиешелүү. Ал мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы.
Жетиген рестораны, эс алуучу жай – кезегинде Ош шаарынын вице-мэри, КРнын Акыйкатчысы, Америкадагы Кыргызстандын элчиси болуп иштеген Бактыбек Аманбаевге жана анын бир тууганы экс-депутат Урмат Аманбаевага таандык болгон.
Жеңишбек Токторбаев мэр болуп келгенден тарта Ак-Бууранын жээгин, каналдардын айланасын бошотуу тапшырмасын коюп келет. Учурда бул багыттагы иштер колго алынып, мыйзам алдында баары бирдей каралып жатат.