Ак халатчандарга кол көтөргөндөр жоопкерчиликке тартылат

Бүгүн, 10-июндагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Айбек Маткеримов, Жылдыз Садырбаева, Айгүл Айдарова, Айсаракан Абдибаева, Камила Талиева, Илимбек Кубанычбеков, Динара Ашимова, Аида Исатбек кызы, Сеидбек Атамбаев.

Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири, комитет төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, мыйзам долбоору медициналык кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткаруу процессинде аларды зомбулуктан коргоону жана аларга карата зомбулук аракеттердин жана аларга кол салуунун алдын алууну ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Эл өкүлү акыркы учурда медициналык кызматкерлерге карата бейтаптардын же алардын туугандарынын зомбулук көрсөтүү аракеттери бир топ көбөйгөнүн белгилеп: «Медицина кызматкерлеринин намысын жана беделин, жеке кол тийбестигин мамлекеттик коргоону жана кесиптик ишинин коопсуздугунун жетиштүү деңгээлин камсыз кылууну мыйзам түрүндө кепилдөө керек, бул болсо тармактык сектордо саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик милдеттерди аткаруудагы маанилүү шарт болуп саналат», — деди.

Ага ылайык, медициналык кызматкерлердин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук жаратуу, ден соолугуна залал келтирүү, материалдык зыян келтирүү үчүн айып салуу, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазалар сунушталууда. Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

Андан тышкары, жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Мирлан Самыйкожо, Акылбек Түмөнбаев, Жылдыз Садырбаева, Нилуфар Алимжанова тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Депутат Жанарбек Акаев мыйзам долбоорун тааныштырып, түзөтүүлөрдүн максаты жана мааниси тууралуу учкай маалымат берди. Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жаткан учурда медициналык же фармацевттик жана педагогикалык кызматкерлерди коркутуу же аларга карата зомбулукту колдонуучуларга карата кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүүнү көздөйт.

Жыйында депутаттар Винера Раимбачаева жана Жанарбек Акаев сунушталып жаткан эки мыйзам долбоорлорунун концепциясынын окшоштугун белгилешип, аларды экинчи окууда бириктирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.