Ак-Жар конушунун жарык боюнча көйгөйү кезек менен чечилмей болду

Ак-Жар конушун электр энергиясы менен камсыздаган “Электросила” ишканасы кошумча линияларды курууга милдеттендирилет. Бул тууралуу Аламүдүн районунун башчысы Марс Саккараев журналисттерге айтты.

Кечээ аталган конуштун тургундары “светти өчүрө бермейди токтоткула” деп митингге чыгышып, айланма жолду бууп, дөңгөлөктөрдү өрттөшкөн. Алар мындай кадамы менен бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылышкан.

Райондун акиминин айтымында, учурда электр энергиясы жаңы конуштарга кезек менен берилүүдө. «Мисалы, эки көчөгө эки саат берип, дагы эки көчөнү өчүрө турсак. Тургундар өздөрү да буга макул болушту», — деди Саккараев.

SUPER TV бүгүн Ак-Жар конушуна барып, анда жашаган тургундардын арыз-муңун угуп келди. Репортажды SUPER TV-Жаңылык каналынан жана SUPERTV.KG сайтынан көрө аласыз.