Ак калпак, чапан кийгизип. Ташиев UFC мушкери Мыктыбек Оролбай уулу менен жолукту

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев UFC мушкери Мыктыбек Оролбай уулу менен жолукту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Өз кезегинде УКМК төрагасы мушкерди дүйнөнүн эң күчтүү лигасында ийгиликтүү дебюту менен куттуктап, ага чың ден соолук жана спорттук карьерасында ийгиликтерди каалады.

18-ноябрда Мыктыбек Оролбай уулу Лас-Вегаста (АКШ) өткөн UFC Fight Night турниринде дебют жасап, сербиялык мушкер Урос Медичти жеңип алган.