«Ак-Кула» ат майданынын мүлкү аукционго коюлат

«Ак-Кула» эски ат майданынын мүлкү аукционго коюлууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өз буйругу менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия түздү. Комиссияга Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчикти менчиктештирүү боюнча бекитилген программасына ылайык 10 күндүн ичинде аукцион өткөрүү милдети жүктөлдү. Бул программага ылайык, Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан “Ак-Кула” ат майданынын айрым бөлүгү электрондук аукцион аркылуу сатылат.

Аукционго катышуунун шарттары жогорудагы комиссия тарабынан аныкталат. Муниципалдык мүлктү сатып алуучулар жеке жана юридикалык жактар боло алышат.