Ак-Ордо конушунда үйү сүрдүрүлгөн келин эсиңиздеби? Ал үйүнүн кызыл китебин алды

Сокулук районунун Ак-Ордо конушундагы үйү сүрдүрүлгөн Марал Шаболотова жаңы үйүнүн кызыл китебин колуна алды.

«Былтыр март айында жашаган үйүбүз бузулуп, төрт балам менен көчөдө калдым. Жолдошумдун жүрөк оорусу кармап, ооруканага жатып калды, эки бөлмөлүү жашаган үйүбүздүн таш-талканы чыгып, жашоого болгон үмүт оту өчүп, эмне кыларды билбей, ыйлап отуруп калдык. Ошондо “Ак-Ордо” конушунун тургундары колдоо көрсөтүп, жардам берип, эл чогулуп байма-бай келип жатты! Үнүбүз өлкө башчысына жетип, башкы прокурор Курманкул Зулушев менен күтүүсүздөн кирип келгени унутулгус көз ирмем болуп жүрөктө сакталып калды!

Эми кызыл китеп алып менчик укугуна ээ болдук. Үй-бүлөбүз менен өмүр бою ыраазыбыз, биздин жашоо турмушубузга чырак жандырып, жашоого болгон көз карашты өзгөртүп берди! Президенттин тапшырмасы менен бир жарым айдын ичинде беш бөлмөлүү үй курулуп, короо жайдын баарын бүтүрүп берди. Мындай жакшылык эч качан унутулбайт, жүрөктө сакталат. Кудайыма миң ирет шүгүр кылам», — деп жазды ал.