Ушул жылдын 3-октябрына караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунда жайгашкан үйдүн биринде 2 адам өлтүрүлгөн. Бул тууралуу милиция билдирүү таратты. SEREPTV окуя болгон конушка барып, маркумдардын кошуналары менен сүйлөштү.
Алар “үйдүн кожоюну аял, бала-чакасын коргоп калган. Каза болгондор бир туугандар эле” дешти. Ал эми маркумдардын атасы “2 перзентимден бир убакта айрылып отурам. Уулума 22, кызыма 14-17 ирет бычак сайылыптыр” деди.
«Биз уктап жатканбыз. Эшигибиз илинбей калыптыр. Чуркап кирип эле жардам сурады. Аялды мурда көргөн эмеспиз. «Күйөөм менен кайнежемди бирөө бычак менен сайгылап кетти. Ууру окшойт» деди. Кичинекей балдары менен келди. Балдарынын баары кан. «Терезеден качып чыктык» деди. Үйгө келгенден кийин милиция чакырып бердик. Бат эле келип калышты. Сурашып, курчоого алышты»,- деди кошунасы.