Ак-Сайдагы абал боюнча сүйлөшүү 19-апрелде уланат

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында чыккан чыр боюнча тараптардын сүйлөшүүсү 19-апрелде, дүйшөмбү күнү уланмай болду. Бул маалыматты өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

17-апрелде аталган суу бөлүштүрүүчү жайда Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан кезде Тажикстандын чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан. Окуя болгон жерге чектеш Баткен жана Исфара райондорунун башчылары барып, сүйлөшүү жүргүзүштү. Ошондой эле облус башчысы Өмүрбек Суваналиев менен күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да барышты.

Облус бийлиги билдиргендей, оңдоп-түзөө жумуштарынын негизги бөлүгү аяктады, тажик тараптын бул ишти бирге жасоо тууралуу талабына кыргыз тарап макул болгон эмес.

Кыргызстан менен Тажикстан 970 чакырымдай чектешет, анын 519 чакырымы эки тараптуу такталган. Бул окуя боюнча Тажикстандын расмий органдары азырынча комментарий бере элек.

Өткөн жумада тажик президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына иш сапары менен келип, кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталганын, андан бери 100 жолу сүйлөшүү өткөнүн билдирген. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чек аранын 50 пайызга жакыны тууралуу тараптар мунасага келишкенин айткан.