Ак-Сайдын тургундары облустук администрациясынын алдына чогулушту

Бүгүн, 17-майда Ак-Сай айылынын бир нече тургуну Баткен шаарындагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жайгашкан имараттын алдына чогулушту. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чогулган бир нече аял бүгүнкү Ак-Сай айылындагы окуядан чочуп, кооптонуусун айтышкан. Алар менен облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Ага чейин Ак-Сай айылындагы тургундар 3 тажик жаранын кармап алышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Анын экөө УКМКнын кызматкерлери болгон. Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алышкан. Баткен ОИИБдин берген маалыматына караганда 3 кыргыз жаранын тажик тарап сабап салышкан. Кийинчерээк эки облустун өкүлдөрү жолугуп, кармалган жарандарды алмашышкан.

Кийинчерээк Баткен ОИИБ аталган окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзулүп баштаганын кабарлаган.