Ак-Суу районундагы ишканага тикмечилер керек. Новиков окуу борборун ачууну тапшырды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Ысык-Көлдө бир катар ишканалардын иши менен да таанышты. Алсак, ал Балыкчы шаарындагы логистикалык борборго барып, Каракол шаарындагы эт комбинатынын курулушунун жүрүшүн көрдү, аны ишке киргизүү 2021-жылга пландаштырылган.

Ошондой эле Новиков пандемия маалында жеке коргонуучу каражаттарды чыгара баштаган Ак-Суу районундагы «Aiko-Seiko» тигүү ишканасына барды. Ишкер өндүрүштү кеңейтүүгө даяр, бирок квалификациялуу адистер жетишсиз болууда дейт. Ал андан ары жумушка орноштуруу шарты менен тигүүчүлүк курстарын түзүү демилгесин көтөрдү. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына окуу борборун ачууга уруксат алуу боюнча ишканага колдоо көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары өкмөт башчынын милдетинин аткаруучу Жети-Өгүз районундагы экспортко багытталган «Ак-Жалга» сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышты. 120 адам иштеген завод күнүнө 50 тонна сүттү кайра иштетет.