Ак-Сууда Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери каза болду

Ак-Суу районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Кенжебай Жакшылыков 100 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Кыдыкбаев билдирди.

«Кенжебай Жакшылыков 17 жашында майданга аттанып, 25 жаш курагында согуш талаасынан кайтып келген. Япон согушунун дагы ардагери. Адамзаттык алааматты токтоткондордун бири, каарман атабыздын жаркын элеси дайым сакталат! Кош болуңуз», — деп жазды ал.