Ак-Талаанын тургуну атасынын ашына союлчу уйду жалгыз бой энеге берди

Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Рахатбек Нуралиев жалгыз бой энеге 1 баш уй берди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалым болгондой, орозо айына карата аталган айылдын тургуну Рахатбек Нуралиев каза болгон атасы Кубатбек Нуралы уулунун үчүлүк жана жетилигине соё турчу малын ушул эле айылдын тургуну, жалгыз бой энеге тапшырган. Андан тышкары, борбордук мечиттин жамаатына ооз ачар үчүн 1 баш кой берген.