«Ак терек, көк терек, таштандыңды алып кет». Көчмөндөр оюндарында таштандысын жыйнаган кыргыздар (видео)

Ушул күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатат. Дал ошол жерде тартылган видео социалдык тармактарга тарады.

Видео болжолдуу жер улактан кыргыз курама командасы монголиялык атаандаштарын уткан соң тартылган. Ат майдандан кыргыз күйөрмандары өз таштандыларын жыйнап кетишкен.