“Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынан жеңил унаалардан жана Кант цемент заводунун жүгүн ташыган жүк ташуучу унаалардан тышкары Кыргызстандан Казакстанга өткөн суткада 297 жүк ташуучу транспорт каражаты өткөн. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
«Анткен менен өткөрүү жайларында өткөрүү жөндөмдүүлүктү жогорулатуу боюнча чаралар көрүлгөнүнө карабастан жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу байкалууда. 23-октябрь саат 12:00гө карата “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынын алдында Кыргызстандан чыгуу үчүн чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 410 жүк ташуучу каражаты кезекте турат. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы өткөрүү жайларында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу сезондук көрүнүш экендигин жана ал айыл-чарба азыктарынын, эл керектөөчү товарлардын Кыргыз Республикасынан көп экспорттолушу менен байланыштуу экендигин баса белгилейт», — дешти.