9-январда депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Мындан көп өтпөй, депутат тергөөчүлөрдөн качып, Жогорку Кеңештин 2-кабаттагы кабинетинен секирип сыртка чыгып кеткен. Талкуу жараткан бул окуяга карата депутаттардын пикирин угуп көрдүк.
Эмил Жамгырчиевдин Ак Үйдүн 2-кабатындагы 204-кабинеттен качып кеткен. Бул кабинет Нилуфар Алимжановага таандык. Эл өкүлү окуя боюнча коомчулукка маалымат берип, анын бул ишке тиешеси жок экенин айтты.
«Урматтуу көрүүчүлөр, эл-журт, анын менин иш бөлмөмө келип, отуруп, секирип кетет деп ойлобоптурмун. Муну бир нече убакыттан кийин билдим. Иш бөлмөгө тергөөчүлөр келди. Баарын айтып бердик. Тергөө иштерин жүргүзүштү. Биз азыр бул иш бөлмөгө кирбей элебиз. Менин буга тиешем жок. Анын бул планын билгенде «качпаңыз» дейт болчумун. Бул эмне экени мага да түшүнүксүз болуп жатат. Өзүм үчүн эмне болду деп чалып, байланыша алган жокмун», — деди ал.