9-январда депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Мындан көп өтпөй, депутат тергөөчүлөрдөн качып, Жогорку Кеңештин 2-кабаттагы кабинетинен секирип сыртка чыгып кеткен.
Учурда социалдык тармактын колдонуучулары депутаттын тушоо тойдо чуркаган видеосу менен бөлүшүп, тамашага айлантып жатышат. «Жамгырчиев мурун эле буту-бутуна тийбеген жөө күлүк турбайбы», — деп жазышууда.