Ак Үйдүн 2-кабатынан секиргени айтылган депутаттын шашып бара жаткан видеосу жарыяланды

Депутат Эмил Жамгырчиев Ак Үйдүн 2-кабатынан секирип качып кеткени айтылууда.

Кечээ, 9-январда депутаттык комиссия аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Бул маалыматты уккандан кийин депутат тергөөчүлөрдөн качып Жогорку Кеңештин 2-кабаттагы кабинеттеринин бирине кирип, кийин ал жактан секирип сыртка чыгып кеткени айтылууда.

Коридордон шашып бара жаткан Эмил Жамгырчиевди «Азаттык» радиосунун кабарчылары видеого тартып калууга үлгүрүшкөн. Азыр анын кайда экени белгисиз.