Ак Үйдүн алдындагы роза гүлдөрдү сындырып кеткендер изделет

Белгисиз жарандар Жогорку Кеңештин имаратынын жанындагы гүлзарларды тебелеп, көп жылдык роза гүлдөрүнүн бадалдарын сындырышкан. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул розалар 2007-жылы отургузулган. «Бишкек жашыл чарбанын» кызматкерлери бүгүн эртең мененки кароодо гүлдөр сындырылганын аныкташты. Белгисиз адамдар төрт бадалды сындырып, гүлзарларды тебелеп кетишкен. Муниципалдык ишкананын кызматкерлери акт түзүү үчүн мыйзам бузгандарды аныктоого аракет кылып жатышат.