Ак Үйдүн алдындагы таман таштар жаңысына алмаштырылып жатат

Аба ырайынын жылышы менен «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин күчөтүштү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымдашты.
Учурда Ак Үйдүн айланасында, Чүй проспектисинин түндүк тарабындагы Логвиненко көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин таман таштарды жаңылоо иштери жүрүп жатат. Жакында Таттыбүбү Турсунбаева, Достук скверлеринде, Өкмөт үйүнүн жана Ленин эстелигинин айланасында, өкмөттүк скверде жана «Ала-Тоо» аянтында таман таштарды алмаштыруу пландаштырылууда.