Ак Үйдүн имаратынын алдындагы оргума кайрадан ишке киргизилди

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы фонтан кайрадан ишке киргизилди. Аземге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышты.

Шаардын көркүнө көрк кошуп, жагымдуу жагдай жараткан фонтан узак жылдардан бери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөй келген. Натыйжада толук иштетилбей, айрым учурда гана күйгүзүлгөн. Быйыл жазда президенттин Иш башкармалыгы тарабынан оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери башталып, кыска убакыт аралыгында заманбап жасалгаланган жаңы фонтан ишке киргизилди.

Алсак, азыркы тапта Бишкек шаарын көрктөндүрүү багытында көп иштер жасалууда. Борбор калаанын так ортосундагы Ала-Тоо майданы реконструкцияланып, негизги жолдор жаңыланууда. Андан тышкары, коомдук унаалардын саны көбөйтүлүп, жаңы автобустар каттамга чыгарылды.