Акаевдин кезинде 1 миллиард долларлык кредитти сыртка чыгарып кетишкенин УКМК казып чыкты

1993-2002-жылдар аралыгында Кыргыз өлкөсүнөн 1 миллиард долларга чукул каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткен. Мындай схеманы УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы аныктады.

Маалыматка ылайык, 1993-2002-жылдар аралыгында бир канча ишканаларга Кыргыз өкмөтүнүн кепилдиги менен 40тан ашуун кредит катары баш-аягы 1 миллиард долларга жеткен каражат алынган. Кийин ал насыяны Кыргыз мамлекетинин жогорку кызматтагы адамдары чет өлкөлүк банктардын өкүлдөрү менен тымызын сүйлөшүп алып, мамлекеттен мыйзамсыз чыгарып турушкан. Кыргыз өкмөтү тарабынан эл аралык банктарга күрөөгө өлкөнүн алтын валюталык резерви коюлган. Ошол эле учурда мамлекетке деп алынган кредиттер өлкөгө жетпей эле орто жолдон чет жерде жайгашкан банктардын эсебине которулган. Насыя алынган ишканалар банкрот деп жарыяланган соң, чет өлкөлүк банктар кредит төлөнбөгөнү үчүн күрөөгө коюлган алтынды алып турушкан. Жогорудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы 378 миллиард сомду же 4,8 миллиард долларды түзөт. Анын 87 пайызга жакыны тышкы карыз жана бул сумма 328 миллиард сомго барабар же 4,1 миллиард доллар.