«Акча алып жатышабы?». Садыр Жапаров Сокулукта дарыгерге көрүнгөнү баргандарды текшерди (видео)

Президент Садыр Жапаров 19-мартта Чүй облусунун Сокулук районундагы мобилдик мульти-диагностикалык комплекстин иши менен пландан тышкары таанышты. Мамлекет башчысына мобилдик клиникада бейтаптар акысыз кароодон өтүп, медициналык изилдөөлөрдүн кеңири спектри жана ар кандай ооруларды аныктоо боюнча консультация алса болору маалымдалды. Садыр Жапаров клиниканы карап чыгып, медициналык адистердин кароосуна келген жергиликтүү жашоочулар менен баарлашты.

Ал сүйлөшүп жатып, дарыгерге көрүнгөнү баргандарды «тыйын алып жатышабы?» деп текшерди. Чогулгандардын баары «жок, бекер көрүп жатышат» деп жооп беришти.