«Акча бөлүнгөн, иш баштоого чоң тоскоолдук болууда». Депутат Алимжанова Ноокаттагы суу маселесин көтөрдү

Бүгүн, 9-февралда депутат Нилуфар Алимжанова Жогорку Кеңештин жыйынында Ноокаттагы суу маселесин көтөрдү.

«2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында Ноокат шаарынын ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо жана саркынды суулардын системасын куруу долбоору банк менен түзүлгөн экен. Акча каражаттар бөлүнүп, иш баштоого чоң тоскоолдук болуп жатыптыр. Тиешелүү органдарга тапшырма берип, көзөмөлгө алып койсоңуз. Себеби насыяга 0,5 пайыз менен айып пул кошулат экен», — деди ал.