«Акча чогултуунун кажети жок». Акылбек Жапаров кайрылуу жарыялады

«Кадырлуу калайык-калк, өлкөбүздө табияттын айттырбай келген кырсыгы болду. Анын кесепеттерин жоюу үчүн мамлекет болгон аракетин көрүп жатат, ага бардык ресурстары жана жетиштүү каражаттары бар». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соцтармактагы баракчасында жарыялаган кайрылуусунда жазды.

«Учурда Ош облусунун аймагында болгон жаратылыш кырсыгында каза болгондордун жакындары менен иш алып баруу, бузулган объектилерди калыбына келтирүү жана тазалоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул боюнча ыкчам штаб түзүлдү, штаб президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан координацияланууда. Зарыл болгон муктаждыктар мамлекет тарабынан уюштурулуп тезинен чечилүүдө. Ошондой эле жергиликтүү ыктыярчылар дагы тазалоо иштерине көмөктөшүп жатканын белгилейбиз. Мамлекет тарабынан тиешелүү жардамдар берилүүдө, шарттар түзүлгөн, кырдаал көзөмөлдө турат.

Албетте, мындай учурда мекенчилдик сезим ойгонуп, кыргыздын бириге калган жакшы касиети бар. Интернеттеги социалдык байланыш тармактары аркылуу азык-түлүк, каржылык жардамдарды чогултуу демилгесин көтөрүп, ар ким өз алдынча эсеп ачкандарды көрүп жатабыз. Сиздерге кайрылганыбыздын себеби: ар кимдин өз алдынча акча каражаттарды чогултуунун кажети жок. Мындай учурдан алдамчылар да пайдаланып кетүүсү толук ыктымал. Адам күчү, же техникасы менен кол кабыш кылуу ниети бар жарандар Оштогу штабга кайрылса болот», — деп жазылат кайрылууда.