«Акчаны тапканда коркуп кеттим». Москвада таштандыдан акча таап, полицияга тапшырган кыргызстандык окуя тууралуу айтып берди (видео)

Москва шаарынын Южное Медведково районунда көчө шыпыргыч болуп иштеген Кыргыз жараны таштанды салган контейнерден 1000 доллар жана 80 миң рубль таап, полиция кызматкерлерине алып бергени маалымдалган.  Маалыматка ылайык, окуя 12-июнда болуп, 24-июнда полицияга кайрылган.

Акчаны кайтарып берген Шамарбек Матраимов аттуу кыргызстандык «Известия» басылмасына интервью берген. Анын айтымында, акча чүпүрөк баштыкта байпак, жамгырдан сактоочу кийим менен чогуу болгон. Ал акчаны алып, өз алдынча ээсин табууга аракет кылган. Бирок майнап чыкпаган соң полицияга кайрылган.

«Бул бирөөнүн атайын уюштурганы болушу мүмкүн. Акчаны алсам «подстава» кылып көп суммадагы акча талап кылабы деп алгач корктум. Менимче, акчаны үйдү тазалап жатып байкабай буюмдарга кошуп ыргытып алышты окшойт. Бул бирөөнүн ак эмгеги менен тапкан акчасы болушу мүмкүн, жоготкон адам деле сар-санаа болуп жатса керек. Ал акчадан мен байып же кедей болуп кетмек эмесмин. Өзүм акчанын ээсин табууга аракет кылдым. Табылбай калганда полиция кызматкерине алып бардым», — деген Шамарбек Матраимов.