Акаев: «Жүктүн Атамбаевге тиешеси жок экени аныкталды. Аны Дача-СУ боюнча актоо керек»

«Элдин бир гана суроосу бар: жүк Атамбаевге жана анын үй-бүлөсүнө таандыкпы, алардын аткезчиликке тиешеси барбы?» — деп билдирди депутат Жанар Акаев 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында.

Жанар Акаев айткандай, жүк Атамбаевге жана анын үй-бүлөсүнө таандык эмес экени далилденди.

«Мен буга ынандым. Бул жерде Алмазбек Атамбаевдин эч кандай тиешеси жок. Балким, бийликте техникалык каталар болгондур, бирок бул анын жеке жүгү эмес экенин бизге далилдешти. Мен Дача-СУ боюнча Атамбаевди актоо керек деп эсептейм», — деди депутат Акаев.