«Аким болуп иштебейм». Бишкекте 11 жаштагы уулу унаа айдаган жаранга айып салынды

Бишкек шаарынын аймагында Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна 15 миң сом айып салды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

14-июль күнү кечинде саат 19:30 чамасында Бишкек шаарынын тургуну 40 жаштагы айдоочу өзүнүн Toyota Camry 70 үлгүсүндөгү унаасын, 11 жаштагы уулу айдаган видеосу коомчулукка жарыяланган. «Учурда Toyota Camry 70 үлгүсүндөгү унаасы атайын айып короого токтотулуп жаш өспүрүмдүн атасына карата унааны жашы жете элек баласына ишенип бергендиги үчүн, укук бузуу протоколу толтурулуп, 15 миң сом айып салынды»,— деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле коомчулукта «өспүрүмдүн атасы аким болуп иштейт» деген кептер тарап кеткен. Айдоочу «аким болуп иштебейм» деп кайрылуу жасаган.