Балбан Акжол Махмудов кичинекей Аруузаттын дарылануусуна 15 миң 600 доллар берди (видео)

Грек-рим күрөшү боюнча балбан, Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов ооруп жаткан кичинекей  Аруузаттын атасына 15 миң 600 доллар берди. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына жарыялады.

Буга чейин Акжол Махмудовдун Токиодогу Олимпиада оюндарында ойногон спорттук трикосу аукциондо 26 миң долларга сатылган. Андан кийин ал каражаттын бир бөлүгүн кичинекей кыздын дарылануусуна берерин убада кылган.

«Бүгүн мен Аруузаттын атасына 15 600 доллар бердим, бул аукциондук төлөмдүн жалпы суммасынын 60 пайызын түзөт. Калган 30 пайызы «Апаке» фондуна, 10 пайызы ак илбирсти сактап калууга багытталган”, — деп жазды ал. 

Кичинекей Аруузат I типтеги омуртка булчуңунун атрофиясы менен жабыркап келет. Ал Гиннесстин рекорддор китебине дүйнөдөгү эң кымбат дарылардын тизмесине кирген золгенсма дарысына муктаж. Анын баасы 2 миллион 382 миң 200 доллар, сом менен — ​​195 миллион. Бүгүнкү күндө керектүү сумманын 46 пайызы жыйналды. Дагы 105 миллион 122 миң 701 сом чогултуу керек.