Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучулары: Азат Эркинбаев, Улукбек Карачолоков жана Арсен Эралиев кызматынан кетти. Бул чечим жеке мен үчүн көптөгөн суроолорду жаратты, мойнума алам, бул кабар менин жүрөгүмө оор жүк болду. Бул тууралуу Акжол Махмудов жазды.
«Урматтуу Азат Эркинбаев, Улукбек Карачолоков жана Арсен Эралиев, сиздердин жетекчилигиңиздердин алдында машыгуу мен үчүн чоң сыймык болду. Менин спортчу жана адам катары калыптанышыма кошкон эбегейсиз салымыңыз үчүн сизге чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдиргим келет. Сиздин эмгегиңиз баа жеткис жана менин жолумда силердей машыктыруучулар болгонуна сыймыктанам«,- деп жазды ал.
25-ноябрда Кыргыз Республикасынын эркин, кыз-келиндер жана грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучулардын жалпы жыйыны болуп, Кыргыз Республикасынын спорттук күрөш боюнча түрлөрүнүн улуттук курама командасына жаңы Олимпиадалык циклге башкы жана улук машыктыруучулардын талапкерлердин тизмеси көрсөтүлдү:
📌Эркин күрөшүнө:
— Башкы машыктыруучу Мирахимов Азат
— Улук машыктыруучу Догдурбек уулу Эламан
— U-23 улук машыктыруучу Жакыпбеков Ильгиз
— U-20 улук машыктыруучу Аскаров Алмаз
— U-17 улук машыктыруучу Надырбек уулу Улан
— U-15 улук машыктыруучу Дүрбөлөң уулу Нарынбек
📌Кыз-келиндер күрөшүнө:
— Башкы машыктыруучу Изабеков Нурбек
— Улук машыктыруучу Доңбаев Нурдин
— U-20 улук машыктыруучу Капарбек уулу Билимбек
— U-17 улук машыктыруучу Аскарбеков Нурсултан
— U-15 улук машыктыруучу Рапилбек уулу Маралбек
📌Грек-рим күрөшүнө:
— Башкы машыктыруучу Калилов Уран
— Улук машыктыруучу Азат Бейшебеков
— U-23 улук машыктыруучу Замирбеков Атай
— U-20 улук машыктыруучу Эгеев Рыскулбек
— U-17 улук машыктыруучу Муктаров Дастан
— U-15 улук машыктыруучу Бейшебеков Замир
Протоколдук жыйындын негизинде жыйынга катышкандар бир колдон колдоп, ушуну менен процедуралык биринчи этап жыйынтыкталган.