Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов балбан Акжол Махмудов жана машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовду кабыл алды.
Облус башчысы Махмудовду эл аралык мелдештерде ийгилик жаратып жаткан жеңиштери менен куттуктап, “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы жана акчалай сыйлык тапшырды. Ошондой эле машыктыруучусуна да Ардак грамота жана акчалай сыйлык ыйгарылды.