Акжол Махмудов той өткөрүп, жакындарынан бата алды (видео)

Кыргызстандык спортчу, Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов той өткөрүп, урук-туугандарынан бата алды. Тойдун видеосу соцтармактарга тарады.

Маалыматтарга караганда, той Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өткөн. Иш-чарага балбандын жакындары, спортчулар жана шоу-бизнестин айрым өкүлдөрү катышкан.

Буга чейин Махмудов жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго Lexus GX 460 үлгүсүндөгү жол тандабас белек кылган. Айрым ЖМКлар жазган маалыматтарга караганда, машыктыруучуга унааны дал ошол күнү белек кылган.