Акжол Махмудов трикосун аукционго койду. Акча муктаждарга берилет

Токиодогу Олимпиада оюндарындагы күмүш медалдын ээси Акжол Махмудов беттешке кийип чыккан трикосун аукционго койду. Бул тууралуу спортчу өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал түшкөн каражатты кайрымдуулук фондуна которот. Кызыккандар өз баасын сунуштай алышат. Лоттун баштапкы баасы 50 доллар.

«Баарыңар билесиңер, Токио Олимпиадасы мен үчүн биринчи жолу болду. Мен бир нече жылдан бери Бишкекте ижарага алынган батирде жашагандыктан, мамлекеттин сый акысына үй-бүлөмө үй сатып берүүнү пландап жатам. Жакын арада элиме жардам берүү үчүн жакшы иштерди жасоого башка мүмкүнчүлүктөрүм болот деп ишенем. Эгерде борбор калаанын тургуну аукциондон утуп алса, мен бул форманы жеке өзүм тапшырам. Сынак августтун аягына чейин уланат (Бишкек убактысы боюнча 20:00дө аяктайт). Андан кийин мен жеңүүчү менен байланышам жана чогуу лотту өткөрүп берүүнүн ыңгайлуу вариантын талкуулайбыз”, — деп жазган Акжол Махмудов.