Акжол Махмудовдун атасы: «17 жылдан кийин кайра үйлөндүм. Учурда 2 айлык уулум бар»

Бир эмес, 3 спортчуну жалгыз тарбиялап, атагын чыгарган Мухаммед Махмудов SuperTV телеканалына эксклюзивдүү маек курду. Ал 17 жылдан соң кайра үйлөнгөнүн айтты.

Анын айтымында, азыр улуу уулу Бексултанды үйлөнтүү тапшырмасы турат. «Бексултан үйлөнөсүң» дедим. «Ата, сиз үйлөнгөндөн кийин үйлөнөм, сөз берем» деди. Былтыр мен үйлөнүп алдым. Жубайымдын да 3 уулу бар экен. Улуусу 18ге чыгат. Кичүүсү мени ата дейт. Менде «өгөй бала, өз бала» деген сезим жок. Мен өзүмдүн 5 баламды кандай жакшы көрсөм, тиги балдарды да жакшы көрөм. Кайненем мени баласындай кабыл алды. Бир үйгө аларды алып келип, балдарым, кыздарымды да кыйнабайын деп өзүнчө турушат. 51 жашымда уулдуу болдум, азыр 2 айлык болду. Учурда 9 балам бар», — деди ал.