Акжол Махмудовдун атасы: «Жубайым экөөбүз ажырашканда кичүү уулдарымды интернатка берели деп сүйлөшүшкөн экен»

Бир эмес, 3 спортчуну жалгыз тарбиялап, атагын чыгарган Мухаммед Махмудов SuperTV телеканалына эксклюзивдүү маек курду. Ал жубайы менен 17 жыл мурда эки ажырым жолго түшкөнүн айтып, 3 уул, 2 кызды жалгыз кантип тарбиялаганын айтып берди.

«Сыймык уулум бир аз эс тартып калган болчу. Менин бир туугандарым биз ажырашкан соң «5 баланы карай албайт, айталы да 2 кызды эжем менен карындашым алсын, уулумдун улуусун чоң атама берели, экөөнү интернатка берели, ичип кетсе, турмушунан сынып калса…» деп чочулашкан экен. Анда Акжол 1-класс болчу. Аны кийин айтышты. Мен өмүрүмдү балдарыма арнагам. Балдарым энелик мээрим көрбөсө да, аталык мээримди бердим. Балдарга берген тарбия өмүр бою калат. 1993-жылы ИИМге жумушка киргем. Ошол кезде ИИМ министри болом дечүмүн»,— дейт ал.