Акжол Махмудовдун бир тууганы Сыймык Махмудов үйлөндү (видео)

Балбан Акжол Махмудовдун бир тууган агасы Сыймык Махмудов үйлөнүп, той берди. Тойдо тартылган видеолор социалдык тармактарга тарап жатат.

Маалыматтарга караганда, үйлөнүү үлпөт той кечээ, 20-декабрда өткөн. Сыймык Махмудов «Ата» ырын ырдап, атасын ыйлатты.

Буга чейин Махмудовдун сүйүктүүсүнүн колун сураган видеосу тараган. Ал кинотеатрдан кучак толо гүл менен шакек салган. 26 жаштагы Сыймык Махмудов грек-рим күрөшү боюнча чемпион.