Ахматбек Бакиевдин кызы Түркияда депутаттын уулуна турмушка чыкты (сүрөт)

Качкын президент Курманбек Бакиевдин карындашы Алмаш Түркиянын Мугла шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Метин Эргундун уулу Илтериш Эргунга турмушка чыкты. Бул тууралуу түрк ЖМКлары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, Алмаш Бакиева — мурдагы президенттин бир тууган иниси Ахматбек Бакиевдин кызы. Ал Түркияда иштейт. Той Анкара шаарында болгон. Түгөйлөрдү Анкаранын мэри Мансур Яваш жана IYI партиясынын төрагасы Мерал Акшенер, Республикалык Элдик партиясынын төрагасы Кемал Кылычдароглу куттуктаганы айтылды. Тойго Ахматбек Бакиев да, Курманбек Бакиев да катышпаганы маалымдалды.