Акматбек Келдибеков, Мелис Турганбаев жана Дамирбек Асылбек уулу президенттин колунан сыйлык алышты

Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Ошондой эле, ЖКнын мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулуна ыраазычылык кат тапшырылды.

Алар сыйлыктарды бүгүн, 23-августта Токиодогу Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын сыйлоо аземинде президент Садыр Жапаровдун колунан алышты.

Келдибеков Оор атлетика федерациясынын президенти, Турганбаев менен Асылбек уулу Күрөш федерациясынын вице-президенттери.

Эске салсак, Дамирбек Асылбек уулу Алматыда соттолгон. Ал «трансулуттук уюшкан топту түзүү жана жетектөө» жана «экономикалык аткезчилик» боюнча күнөөлүү деп табылды. Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучулардын иш-аракеттеринин натыйжасында Казакстандын мамлекеттик казынасы 99 миллион тенгеден ашык акчаны (учурдагы курс боюнча 255 миң долларга жакын) жоготкон.

2019-жылдын ноябрь айында ал Кыргызстанга которулган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту ишти карап, Алматы сотунун өкүмүн күчүндө калтырган — 10 жыл жалпы режимдеги түзөтүү колониясында жазасын өтөө.