«Акнет» компаниясы интернетинин убактылуу жай иштеп же өчүп калуусу мүмкүн экендигин билдирди

Бүгүн, 29-майда «Акнет» компаниясынын сайты интернеттин убактылуу жай иштөөсү же өчүрүлүүсү боюнча билдирүү жасады. Анда интернеттин жок болуусун техникалык себептер менен түшүндүргөн.

“Учурда кээ бир кемчиликтерди оңдоо иштери жүрүп жатат. Резервдик канал бар, ага байланыштуу тышкы ресурстарга ылдамдыктын төмөндөшү же Интернет жана ТВ кызматтарына интернеттин толук жетишсиздиги болушу мүмкүн”, – деп билдирет.