«Аксакал ыйлап келсе кантебиз?». Бекешев сакал менен паранжага айып салуу боюнча пикирин билдирди

Депутат Шарапаткан Мажитованын паранжы менен узун сакалга тыюу салуу сунушу камтылган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул боюнча депутаттардын оюн угуп көрдүк.

«Биз светтик мамлекет болгонубуз үчүн колдошубуз керек. Мен бул идеяны колдойм, бирок сакалды кантип кестиребиз? Аксакал сакалым үчүн айып пул салды деп ыйлап келсе кантебиз? Ушуну караш керек. Аткарылышын караш керек. Референдум кылуу кажет. Паранжа боюнча, бул арабдардын маданияты. Муну мен да колдойм», — деди депутат Дастан Бекешев.